Hosted by uCoz
Новая страница 1

Ж а ң ы л ы к т а р

Урматтуу окурмандар Сиздер бул беттен учурдагы математиканын методикасына байланышкан конференция, педагогикалык окуу ж.б. маалыматтар менен таанышсаңыздар болот 

 

Башкы бет

 

 

2010 ж.  28-29-январында

И. Бекбоевдин 80 жылдык юбилейине арналган

"Билим берүүнүн сапатынын абалы жана анын келечеги"  Эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлөт.

 

 

22-январь 2009-ж.

        Сокулук районунун мектептеринин математика мугалимдеринин семинарында (www.ibekboev.narod.ru) сайтынан кантип пайдалануу боюнча пикир алмашуу менен болуп өттү.

 

 

20 – 21– ноябрь  2008-ж.

“Бүгүнкү жаңы социалдык-экономикалык шарттарда мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун мазмунун жана усулдарын жаңылоонун жолдору” – темасына арналган XXIII Республикалык педагогикалык окуулар болуп өттү.

Бул педагогикалык окуулар пленардык кеңешме жана 5 секцияга бөлүнүп эки күнгө созулган мөөнөттө жүргүзүлдү. Ал секциялардын бири “Табигий-математикалык предметтерди окутуу процессинде окуучуларга адептик тарбия берүүнүн жаңыча методикалык жолдору” – деп аталып, анда математика предметине байланыштуу 14 доклад окулду. Доклад жасагандар негизинен Республикабыздын бардык аймактарынын өкүлдөрү болушту.

Ошондой эле пленардык кеңешмеде “Бекбоевдин усулканасы” сайтынын (www.ibekboev.narod.ru) жана “И.Б.Бекбоев – Эл мугалими” деген китептин презентациясы болуп өттү.

 

Hosted by uCoz