Hosted by uCoz
Новая страница 1

 

 

 БЕКБОЕВ

ИСАК  БЕКБОЕВИЧ

 

Кыргыз Республикасынын

Эл мугалими, Улуттук илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор, педагогика илиминин доктору, Кыргыз билим берүү Академиясынын билим жана илим Борборунун директору.

 

Башкы бет

И. Бекбоев 1930-жылы 10-январда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айлында туулган. Айылдан эле окуп, Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш орто мектебин 1948-жылы күмүш медаль менен бүтүргөн.

Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун физико-математика факультетине кирет. Окуп жүргөндө ал ошол мезгилдеги эң жогорку даражадагы Сталиндик стипендиянын ээси болгон. 1952-жылы өзү окуган окуу жайды, кийинчээрек өзгөртүлгөн азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин ийгиликтүү аяктайт.

1952-жылдан 1959-жылга чейин адегенде бир окуу жылы бою Ат-Башыдагы №1 мектепте, андан соң, учурунда атагы чыккан Фрунзедеги (азыркы Бишкек) А.С.Пушкин атындагы бешинчи мектепте мугалимдик кесипте эмгектенет.

1955-жылдан 1959-жылга чейин И.Б.Бекбоев мугалимдик кесиби менен Кыргыз педагогика илимий-изилдөө институтунун (КырПИИИ) физика жана математика секторунда илимий кызматкерликти шайкеш алып барат. Ал эми 1959-жылдан 1975-жылга чейин бүт эмгегин методикага байла-нышкан илимий-изилдөө ишьтерине жумшайт. Бул мезгилде кызматы боюнча да бир нече баскычтарды басып өтөт: кенже илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, физика жана математика секторунун башчысы, КырПИИИунун илимий иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

Кийинки он жылда 1975-жылдын январынан 1984-жылдын сентябрына чейин өзүнүн учкан уясы университетке келип, адегенде орто мектептердин директорлорун кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин деканы, анан университеттин окуу-тарбия иштери боюнча проректору кызматтарын аткарган.

Ал эми 1984-жылы сентябрда кайрадан КырПИИИна келип институттун директору болуп дайындалат. 1992-жылы КырПИИИ Кыргыз билим берүү институттуна (КББИ) өзгөртүлүп түзүлгөндөн кийин да дироктор болуп, бул жооптуу кызматта 19 жыл үзүрлүү эмгектенет.

2003-жылдан бери КББИ, ЖОЖдын проблемасы боюнча ИИИ жана Республикалык информация жана информациялык технология институттарынын базасында түзүлгөн Кыргыз билим берүү Академиясынын билим жана илим Борборунун директору кызматында эмгектенип келе жатат.

Исак Бекбоевичтин илимий-изилдөө, педагогикалык-уюштуручулук жана илимий кадрларды даярдоо иштерин бирдикте алып баруудагы интенсивдүү жана жигердүү эмгектери илимий даражалар жана наамдар менен жогору бааланган. Атап айтканда 1966-жылы педагогика илиминин кандидаты илимий даражасын коргогон, 1967-жылдан – «математиканы окутуунун методикасы» адистиги боюнча ага илимий кызматкер, 1971-жылдан – ошол эле адистик боюнча доцент, 1994-жылдан – педагогика илиминин доктору, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

И.Бекбоевдин илимий-изилдөө ишмердигинин жыйнтыктарын басмалардан жарык көргөн 180ден ашык эмгектери айгинелеп турат. Алардын ичинде 11 монография, 26 окуу китеби жана окуу колдонмолору бар. Бул илимий-окуу эмгектердин көлөмү жалпысынан 300 басма барактан ашат.

Анын изилдөө иштеринин негизи, классикалык илимий методологиянын принципиалдуу жоболоруна таянган азыркы учурдагы педагогикалык илимдин өнүгүш тенденциясы болуп эсептелет. Мындагы эң негизги максат – бул чыгармачыл ой жүгүрткөн, эмгекти сүйгөн, жогору нравалуу, компотенттүү, активдүү аракетчил жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды кармана билген жаштардын өсүшүнө жана калптанышына ар тараптуу көмөк көрсөтүү.

И.Бекбоев элге билим берүүнүн өнүгүшүнүн ар кандай этаптарында коюлган маселелерди ишке ашырууда педагогдордун окуу-методикалык жана практикалык керектөөлөрүн тез арада чечүүнүн оптималдуу жана оперативдүү жолдорун табуу проблемасына көп күчүн жумшады.

Алсак, өткөн кылымдын 50-60-жылдарындагы белгилүү мектеп менен турмуш-тун байланышын чыңдоо жана андан аркы элге билим берүүнү өркүндөтүү программасын жүзөгө ашырууга карата өзүнүн мугалимдерге жардам катары бир нече китептеринин сериясын даярдап жарыкка чыгарды: «Өндүрүштүк мазмундагы арифметикалык маселелер» (1959ж.), «Өндүрүштүк мазмундагы алгебралык маселелер» (1961ж.), «Практикалык мазмундагы геометриялык маселелер» (1962ж.) ж.б.

Ал эми 1965-2000-жылардагы И.Бекбоевдин өзү, анын жетекчилиги жана ал катышып жазылган эмгектер, негизинен, окуу китептери, окуу-методикалык колдонмолору жана математиканы окутуунун методикасына арналган китепчелер кандайдыр бир серияны түзөт деп айтсак болот. Мисалы алардын ичинде: «Математикага окутуу менен турмуштун байланышын ишке ашыруу маселелери» (1964-ж.), «Математика сабагында программалап окутуунун принциптерин колдонуу» (1970-ж.), «Алгебранын мектеп курсу боюнча маселелерин чыгарууну системалаштыруу» (1976-ж.), «Элементардык математиканын маселелерин чыгаруу ыкмалары» (1988-ж.), «Жогорку математиканын жалпы курсу (физико-математика адистигинен башкалар үчүн)» (1984-ж.; 2000-ж.) ж.б.

И.Бекбоев илимпоз-окумуштуу, педагог-практик катары такай математиканын методикасынын проблемалары менен эле чектелип калбастан, изилдөөчүлүк кунт-көңүлүн жалпы педагогика менен дидактиканын принципиалдуу маселелерине да буруп келет. Ал проблемалык окутуу, программалаштырып жана диффернцирлеп окутуу, окуучулардын өз алдынча иштерин уюштуруу жана өркүндөтүү масе-лелерин тереңдетип кароо менен окуучулардын таанып-билүү ишмердигин активдештирүүнүн оптималдуу методдорун жана билим берүүнү башкаруунун илимий негиздерин иштеп чыгууда бир топ жемиштүү ийгиликтерге жетишкен. Бул илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары үзгүлтүксүз системалуу түрдө басылма-лардан жарык көрүп келе жатат. Мисалы алардын кээ бирлерин атап өтсөк: «Азыркы сабакка коюлган дидактикалык талаптар жөнүндө» (1975-ж.), «Жетишпөөнү жана ордунда калууну болтурбоонун жолдору» (1975-ж.), «Инсанды профессионалдык калптандыруунун илимий негиздери» (1989-ж.), «Инсанга багыт алуу» (2000-ж.) ж.б.

Кыргызстанда биринчи жолу И.Бекбоев жана анын жетекчилиги астында математиканын мектеп курсун толук камтыган I класстан баштап XI класска чейинки окуу китептердин циклы пайда болду жана бул китептер ар тараптан эксперименталдык текшерүүдөн ийгиликтүү өттү. Ал китептер стабилдүү окуу китептери катары бекитилип, азыркы күндө Кыргыз Республикасынын массалык жалпы билим берүүчү мектептеринде окутулуп жатат.

Исак Бекбоевичтин бул китептери менен «Жогорку математиканын жалпы курсу (физико-математика адистигинен башкалар үчүн)» (2000-ж.) – деген окуу колдонмосу 2002-жылы илим жана техника тармагы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду.

Исак Бекбоевичтин педагогиканын актуалдуу проблемалары, атайын жана колдонмо методика, социо-маданий изилдөө жөнүндө жасаган докладдары жакынкы эле эмес алыскы чет өлкөлөрдө да кызыгуу менен кубатталган. Маселен, 1990-ж. Италиянын Пескаре шаарында болуп өткөн «Чектелбеген педагогика аркылуу окутуу жана тарбиялоо» проблемасына арналган Эл аралык конферен-циядагы Исак Бекбоевичтин «Материнское образное слово – золотая колыбель. (О роли родного языка в национально-культурном развитии кыргызского народа)» аттуу доклады, ал аудиторияда дуулдаган резонансты жараткан.

И.Бекбоев көрүнүктүү окумуштуу, элге билим берүү тармагындагы жогорку квалификациялуу адис катары илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо да зор ийгиликтерди жаратууда. Ал илимдин 23 кандидатын жана 5 докторун даярдап чыгаруу менен бирге эле, дагы бир топ кандидаттык жана доктордук диссертация изилдөөчүлөргө илимий жетекчилик кылууда.

Исак Бекбоевич жогорку класстагы профессионал бойдон эле калбастан, ал өлкөбүздүн коомдук иштерине да активдүү катышат.    

15 жылдан ашык убакытта Республикалык элдик контролдоо комитетинин штаттан тышкы кызматкери болуп иштеген. Ал 1982-жылдан 1985-жылдары Фрунзе шаардык кеңешинин депутаты; 1960-94-жылдары илим жана окуу жайлардын кызматкерлер профсоюзунун Респуликалык комитетинин Президиумунун мүчөсү, 1992-2002-жылдары Республикалык мектеп окуучуларынын математикалык олимпиадасынын жюрисинин төрагасы жана Дүйнөлүк Эл аралык Математикалык Олимпиадасынын Жюрисинин мүчөсү, 1984-жылдан 12 жыл Кыргыз Республикасынын билим жана илим Министрлигинин Коллегиясынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук Аттестациялык Комиссиясынын 13.00.01. (жалпы педагогика) жана 13.00.02. (оку-туунун теориясы жана методикасы) бөлүмүнүн эксперттик кеңешинин төрагасы, «Эл агартуу» журналынын жана «Кут билим» гезитинин редколлегиясынын мүчөсү.болуп келди.

Азыркы учурда профессор И.Бекбоев жалпы педагогика (13.00.01.), окутуунун теориясы жана методикасы (13.00.02.) адистиктери боюнча докторлук (кандидаттык) илимий даражаны изденип алуунун диссертациялык Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Энциклопедиясынын педагогика боюнча редкеңешинин төрагасы.

И.Бекбоев көп жылдык жемиштүү чыгармачыл эмгектери үчүн бир нече өкмөттүк сыйлыктарга татыктуу болду. Алардын ичинде – «Ардак белгиси» ордени, «Күжүрмөн эмгеги үчүн», “Н.К.Крупская” жана «Эмгек ардагери» медалдары, «Кыргыз ССРнин элге билим берүү отличниги» жана «СССРдин агартуу отличниги» төш белгилери. 1983-ж. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамы ыйгарылган. 2002-ж. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, ал эми 2005-ж. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими» ардактуу наамы ыйгарылган.

 

 

                                                                                                                                                                                                Даярдаган Б.Келдибаев

 

Hosted by uCoz